ЭВФ: Глобалдык экономика 3,9% өсүшү мүмкүн
Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) глобалдык экономиканын өсүш ыргагы боюнча кайра каралган көрсөткүчтөрүн жарыялады.
Уюмдун дүйшөмбү күнү жарыяланган баяндамасына караганда, глобалдык экономиканын быйылкы жана келерки жылдагы өсүшү 3,9% жетиши мүмкүн. Мунун ичинен өнүккөн өлкөлөрдөгү орточо экономикалык өсүш 2018-жылга 2,4%, 2019-жылга 2,2% деп болжолдонсо, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө быйыл 4,9%, 2019-жылы 5,1% жетиши күтүлөт.
"Биздин моделдөөбүз боюнча эгер соода саясатындагы азыркы коркунучтар иш жүзүнө ашып, анын натыйжасында бизнестин ишеними азайса глобалдык өндүрүштүн көлөмү 2020-жылы азыркы божомолдорубуздан 0,5% ылдый болот”, - деди Вашингтондогу басма сөз жыйынында ЭВФтин өкүлү Морис Обстфельд.
Европа кеңешинин президенти Дональд Туск 16-июлда Бээжинде болгон учурунда АКШга, Орусияга жана Кытайга кайрылып, глобалдык масштабда коркунуч жараткан соода согушун баштап албоого чакырган.
АКШ менен Кытай, Кытай менен Евробиримдик, АКШ менен Евробиримдик азыр дүйнөдөгү эң ири соода өнөктөштөрүнүн катарында. (UE)