Трамп: Орусияга карата эң катаал президент мен болдум
Орусиянын президенти Владимир Путин менен 16-июлда Хелсинкидеги пресс-конференция учурунда жасаган айрым билдирүүлөрү үчүн мекенинде оппоненттеринин, союздаштарынын, медианын айыптоосуна жана кескин сынына кабылган Доналд Трамп америкалык телеканалардар менен соңку маектеринде Орусия менен карым-катыш орнотуунун тууралыгын утур-утур коргоп жатат.
- Орусияга карата көптөгөн жылдар ичинде кайсы президентти албагыла, эң катаалы мен болдум. Балким мендей катаал эч ким болгон эмес. Атүгүл мына Германия менен катуу урушуп жатам. Алар Орусиядан энергияны, жаратылыш газын миллиарддаган долларга сатып алып жаткан учурда, биз кайра миллиарддаган доллар коротуп, аларды Орусиядан коргошубуз керек экен. Мен киргизген санкцияларды, мен чыгарган дипломаттарды (санын) карагыла! Мындайды эч ким жасаган эмес. Путин менен тил табышуу терс эмес, оң иш. Эгер бул эми оңунан чыкпай калса, мен анда Путиндин эң каардуу душманы болом, - деди Кошмо Штаттардын президенти 19-июлда Си -Эн - Би - Си телеканалына берген маегинде.
Буга чейин Трамп Путинди Вашингтонго быйыл күздө чакыруу ишин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Жон Болтонго тапшырганын, бул боюнча талкуулар жүрүп жатканын Ак үйдүн расмий өкүлү Сара Сандерс 19-июлда кабарлаган.
Трамп өзү "Твиттердеги" баракчасында Путин менен апта башындагы саммитин “чоң ийгилик” деп атады. Ага катар Хелсинкидеги кездешүүдө сөз болгон айрым идеяларды талкуулаш үчүн “биздин экинчи жолугушууну чыдамсыздык менен күтөм” деп да белгилеген.
Ушул эле күнү Москвадан президент Путин дагы Трамп менен саммитин “абдан ийгиликтүү” деп сыпаттады. Ал АКШда айрым бир күчтөр Орусия - Америка мамилесин ички саясий максатта садага чабууга умтулуп жатат деп эсептейт.