Кыргызстан менен "Центерранын" стратегиялык келишимин аткаруу мөөнөтү дагы узарды
Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан «Центерра Голд» компаниясы кыргыз өкмөтү менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимдин шарттарын аткаруу мөөнөтүн дагы узартуу тууралуу макулдашты. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы кабарлады.
Сөз болгон келишимге тараптар 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюшкан.
Буга чейин узартуу 23-июлга чейин деп келсе, эми 24-август деп белгиленди.
Кумтөрдөгү экологиялык зыян үчүн кыргыз өкмөтү канадалык инвестор “Центерра Голдду” 2013-жылы сотко берип, 100 миллион доллар кенемте талап кылган. Бирок 2017-жылы стратегиялык макулдашуу кабыл алынып, Кыргызстан доосунан кайра баш тарткан. Анын ордуна “Центерра Голд” онкологиялык кызматты жакшыртууга 10 миллион, жаратылышты коргоого 50 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болгон. Экөөнү тең коомдук уюмдун эсебине которуу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Ошол чечимге ылайык былтыр сентябрда өкмөт “Онкологиялык кызматка колдоо көрсөтүү” коомдук фондун түзүп, инвестор убада кылган 10 миллион доллардын 7 миллионун Кыргызстанга бир ай ичинде которгон. Бул каражат түз эле KICB банкына келип түшкөн. (RK)