Трамп менен Путин Украинадагы кырдаалды талкуулашты
16-июлда Хелсинкидеги жолугушуу маалында АКШнын лидери Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча конкреттүү сунуштарды талкуулашкан. Бул тууралуу Кошмо Штаттардагы Орусиянын элчиси Анатолий Антонов билдирди.
19-июлда "Блумберг" агенттиги Путин дипломатиялык корпус менен жолугуп жатып Трампка Украинанын чыгышында референдум өткөрүүнү сунуш кылганын айткан.
Антонов конкерттүү сунуштар айтылганын белгилеп, бирок аларды кеңири чечмелеген жок.
Трамп да "Твиттердеги" баракчасына ал Путин менен Украинадагы кырдаалды талкуулашканын жазган, бирок референдум тууралуу сөз кылган эмес.
2014-жылдын жазында Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин, апрелде украин армиясы менен орусиячыл козголоңчулардын ортосунда куралдуу кагылыштар башталган. Андан бери тынчыбай жаткан жаңжал он миңден ашуун кишинин өмүрүн алды. Кошмо Штаттар, Евробиримдик жана бир катар Батыш мамлекеттери Москва Крымды аннексиялап алганы үчүн жана Украинанын чыгышындагы жаңжалга кийлигишкени үчүн Орусияга каршы санкцияларды киргизген.