Трамп Путинди Вашингтонго чакырат
АКШнын президенти Дональд Трамп Хелсинки саммитинен кийин орус президенти Владимир Путинди быйыл күздө Вашингтонго чакыра турган болду. Бирок ошол эле учурда Ак үйдүн өкүлдөрү орус президентинин "кылмышка шектүүлөрдү эки тарап кайчы суракка алсын" деген сунушуна Трамп макул эмес экенин да билдиришти. Администрациянын жогорку даражалуу адамдары мындан тышкары АКШ Орусиянын быйыл күздөгү шайлоого кийлигишүү аракеттерине каршылык көргөзүүгө даяр турушу зарыл экенин да эскертип жатышат.