Жикчил Түштүк Осетиянын жетекчиси Сириянын президенти менен жолукту
23-июлда Сириянын президенти Башар Асад Грузиянын жикчил Түштүк Осетия аймагынын жетекчиси менен жолугушту. Эки ай мурун Дамаск бир ууч өлкөгө кошулуп, бул аймактын эгемендигин тааныган. Асаддын кеңсеси Анатолий Бибилов 7 жылдан бери жарандык согуш уланып келаткан өлкөнүн “суверендүүлүгүн” жана “биримдигин” колдош үчүн 3 күндүк иш сапары менен келгенин билдирди.
Дамасктын эң жакын өнөктөшү болгон Орусиянын аскерлери Сирияда да, Түштүк Осетияда да бар. Асад жикчил аймак “Батыштын көпчүлүк өлкөлөрүнөн айырмаланып эл аралык мыйзамдардын негизги принциптерин урматтайт” деп айтты.
"Интерфакс" агенттиги Бибилов менен Асад “достук жана кызматташтык келишимине” кол коюшканын маалымдады.
Абхазия жана Түштүк Осетия - Грузиянын мыйзамдуу бөлүктөрү, бирок Москва жана анын бир нече өнөктөштөрү ал аймактардын эгемендигин таанышкан.