Өкмөт "Райым-миллион" боюнча чечим тууралуу: Алдыда кийинки инстанциялар бар
Кыргыз өкмөтү Райымбек Матраимов боюнча сот чечимин азырынча колуна ала элек. Чечим келип түшкөндөн кийин ал караларын бүгүн “Азаттык” радиосуна өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди:
- Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун Райымбек Матраимовго карата чечими учурда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратына түшө элек. Келип түшөр менен ал каралат. Алдыда дагы кийинки инстанциялар бар.
Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарды.
Эл ичинде "Раим миллион" атыккан Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимди "анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет" деп негиздеген.
Быйыл апрелде ал "мени негизсиз жумуштан алды" деп өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.
Мыйзам боюнча, райондук чечим акыркы деп эсептелбейт. Тараптар ага каршы шаардык жана Жогорку сотко арызданууга укугу бар.