ИМ тобунун Сириядагы кол салуусунун курмандыктарынын саны 100дөн ашты
Бул тууралуу "Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы" аттуу уюм билдирүүдө. Анын маалыматына караганда, “Ислам мамлекети” (ИМ) тобунун Сириянын түштүгүндөгү соңку чабуулунан өкмөттүн коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрүн кошкондо 156 кишинин өмүрү кыйылды.
ИМ тобу өз билдирүүсүндө жүздөн ашуун кишини мерт кылганын жарыялады. Ал эми Сириянын бийлигине байланышы бар радионун жергиликтүү дарыгерлерге шилтеме берип кабарлаганына караганда, чабуулдар менен жардыруулардан 96 киши каза таап, 176сы жарадар болгон.
Ал эми мамлекеттик SANA агенттигинин жазганына караганда, Свейда шаарында жанкечтилердин бири өзүн эл котологон базарда жардырган. Мындан тышкары, кеминде эки жанкечтини коопсуздук күчтөрү жардыруучу түзмөгүн иштеткенге чейин атып өлтүрүүгө жетишкен.
Сириянын мамлекеттик телеканалы “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери ошол эле Cвейда шаарынын түндүк-чыгышынан үч кыштакка чабуул коюшканын кабарлады.
Президент Башар Асадга караштуу күчтөрү соңку күндөрү өлкөнүн түштүгүнөн буга чейин козголоңчулар көзөмөлдөп келген айрым аймактарды ээлешкен.
Учурда ал чөлкөмдөрдү ИМ тобунун согушкерлеринен тазалоо аракети жүрүп жатат. (UE)