Акыркы мүнөттөр: күбөлөрдүн айтымында
"Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаевдин кайгылуу өлүмүнүн тегерегинде ар кандай маалыматтар, жоромолдор абдан көбөйүп кеткендиктен, дегеле эл оозуна алынган чыгаан кесиптешибиздин өмүрүнүн акыркы мүнөттөрү кандай өткөнүн өз көзүбүз менен көрүп, күбөлөрдү угуш үчүн Ысык-Көлдүн күңгөй тарабындагы "Акун" эс алуу жайына барып, ал күнкү окуяларды калыбына келтирүүгө аракет кылып көрдүк.