АКШ: “Крым декларациясын” жарыялады, Трамп-Путин жолугушуусу 2019-жылга калды
Декларация Мамлекеттик катчы АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинде көрсөтмө берер алдында жарыяланды.
Крымдын 2014-жылы аннексиясын тааныбоо АКШнын мурдагы президент Барак Обманын учурундагы эле саясаты болгон. Ал эми Мамлекеттик катчы Майк Помпеонун жаңы билдирүүсү муну дагы бир жолу ырастап, азыркы администрациянын позициясына аныктык киргизүү максатын көздөгөндөй.
Бул арада Ак үй президент Дональд Трамп орус президенти Владимир Путин менен экинчи жолугушуусун 2019-жылга чейин токтото турарын билдирди.
Мунун жүйөсү катары атайын прокурор Роберт Мюллер Орусиянын 2016-жылкы президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча жүргүзүп жаткан иликтөө келтирилди.
16-июлда Хелсинкиде Путин менен болгон жолугушуусун “ийгиликтүү” деп атаган Трамп орус президентин быйыл күзүндө Вашингтонго чакырары өткөн аптада маалым болгон.
Буга байланыштуу 24-июлда Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаков орус президенти Вашингтонго баруу жөнүндө чечим кабыл алуудан мурда Хелсинкидеги жолугушунун “чаңы тарашын” күтөөрүн билдирген.
Путин менен Хелсинкиде өткөн басма сөз жыйынында, 16-июлда жасаган айрым билдирүүлөрү үчүн Трампты өз мекенинде оппоненттери, өнөктөштөрү, медиа каражаттары кескин сындап чыгышкан. Эртеси ал айрым сөздөрүнө тактоо киргизип, Орусиянын 2016-жылдагы шайлоого кийлигишкени боюнча АКШнын чалгын жамаатынын бүтүмүнө макул экенин, бирок анын шайлоо штабы менен Орусиянын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун белгилеген. (UE)