БУУ: Мектеп окуучуларынын 10% жыныстык катнашка барууда
Бул тууралуу 26-июлда Ош облусунун Өзгөн районунда тукум улоочулук саламаттык маселесине арналган жыйында сүйлөп жатып Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун өкүлү Бактыгүл Бозгөрпиева билдирди.
Жыйындын катышуучулары элдин тукум улоочулук саламаттыгын сактоо максатында жергиликтүү бийлик, мектеп директорлору жана мугалимдер түшүндүрүү иштерин күчөтүшү керек экенин баса белгилешти. (BСh)