Марста суюктук түрүндөгү көл табылды
Италиянын Космос агенттиги бейшембиде Марста суюктук түрүндөгү суу табылганын маалымдады. Ал Европалык космостук агенттиктин станциясында орнотулган "Марсис" радарынын 2012-2015-жылдар аралыгындагы маалыматын изилдеп чыккандан кийин ушундай тыянакка келди.
Окумуштуулар планетанын түштүк уюлунда диаметри 20 чакырымдай көлдү аныкташты. Ал көлдү калыңдыгы 1,5 чакырымдай муз каптап турат. Андан мурда адистер Марстан Гренландия менен Антрактикадагы муз алдындагы көлдөр жайгашкан аймактарга окшош чөлкөмдү байкап калышкан.
Илимпоздор Марстагы суюктук түрүндөгү суу ал жакта жашоо бар экенин 100 пайыз далилдебесин, мындай көлдөр "Кызыл планетада" мындан ары да табылышы мүмкүн экенин айтышты. Буга чейин Марста муз түрүндөгү гана суу табылган эле.