“Акун” пансионатында бир гана куткаруучу ӨКМ тастыктоосунан өткөн
Буга чейин министрлик өзгөчө жай мезгилинде сууга түшкөн эс алуучулардын коопсуздугуна көңүл буруш керек экенин белгилеп, бул багытта 187 куткаруучу суучулдар кызматы тарабынан окутулганын айткан.
Кыргызстанда жыл башынан бери 80 киши сууга чөгүп каза тапты. Алардын 58и жайкы туристтик сезон башталгандан бери катталган учурлар.
Кыргыз коомчулугунда пансионаттардагы куткаруучулар менен суучулдардын жетишсиздиги, адистик деңгээлине байланыштуу сын пикирлер көп. Жарандык активисттер пансионат жетекчилеринин жоопкерчилигин күчөтүү тууралуу маселе көтөрүшкөн. (AsM)