Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Беларус Данияр Үсөновду эмне үчүн кайтарып бербегенин түшүндүрдү

Беларустун Башкы прокуратурасы 2010-жылы өлкөдөн качкан мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду эмнеге Кыргызстанга кайтарып бербей жатканын түшүндүрдү. Жергиликтүү маалымат каражаттары тараткан кабарга караганда, бул өлкөнүн башкы көзөмөл органы Кыргызстандын өтүнүчүн аткаруудан эки ирет баш тарткан. Беларус бул талап саясий куугунтуктан улам болуп жатканын билдирген.


“Беларустун Башкы прокуратурасы 2018-жылдын 7-июлунда Данияр Үсөновду Кыргызстанга өткөрүп берүү тууралуу сунушун Конвенциянын 1-беренесинин “е” пунктунун негизинде четке каккан. Бул талап саясий куугунтуктан улам болуп жатат деп эсептөөгө кескин негиз бар”, - деп жазылган прокуратура тараткан маалыматта.


Кыргызстандын Башкы прокуратурасы 2017-жылдын 14-декабрында Кыргызстандын башкы көзөмөл органы Беларустун Башкы прокуратурасына Даниил Урицкий деп анкеталык маалыматтарын өзгөртүп алган Данияр Үсөновду издөө жана кармоо боюнча өтүнүч жөнөткөн.


2018-жылдын 6-мартында Беларустун Башкы прокуратурасы кыргыз тараптын өтүнүчүн четке каккан. Ушул эле жылдын апрель айында Кыргызстан тараптан Данияр Үсөновду өткөрүп берүү боюнча экинчи өтүнүч жөнөтүлгөн.


Беларусь медиасы 27-июлда Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдө жүргөн Данияр Үсөновго коёндой окшош кишинин сүрөттөрүн жарыялаган. Сүрөттөр “Беларус улуттук биотехнология корпорациясы” (БНБК) жабык акционердик коомуна өндүрүш жайларынын курулушун расмий баштоо аземинде тартылган. Анда Үсөновго окшош киши өзүн Даниил Урицкий деп тааныштырып, бирикменин директору болорун билдирген.


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун Даниил Урицкий деген ысым менен чыгып, Беларустун расмий бийлик өкүлдөрү менен чогуу коомдук иш-чараларга катышып жүргөнү тууралуу Минскке нота жөнөттү.


Данияр Үсөнов Кыргызстанда 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоонун катышуучуларына каршы кылмыштары үчүн айыпталып, сыртынан өмүр бою абакка кесилген. Кыргызстандан кеткенден бери Үсөновдун сүрөтү эч жерде чыккан эмес. (КЕ)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *