Африкада орусиялык журналисттер курман болду
Чыгармачыл топ баш калаа Бангиден башка шаарга баратканда өткөрмө бекетте токтотулган. Андан ары эмне болгону белгисиз. Курман болгондордун сөөктөрү аныкталды.
Буга чейин үч орусиялык киши колдуу болуп, алардын экөөнүн жанынан «Известия» басылмасынын пресс-картасы табылганы кабарланган. "Франс-пресс" агенттиги сөөктөр Сибут шаарынан 23 чакырым жерде табылганын билдирди. Агенттиктин маалыматына караганда, орусиялыктар белгисиз куралдуу топтун колунан каза тапкан.
Жемалдын курман болгонун «Эхо Москвы» радиосунун башкы редактору Алексей Венедиктов дагы кесиптешинин айтканына таянып бышыктады.
52 жаштагы белгилүү журналист Орхан Жемал учурунда Ооганстан, Ирак, Ливан, Ливия, Сирия жана Сауд Аравиясындагы куралдуу жаңжалдарды чагылдырган.
Орусиялык аскерий контингент Борбордук Африка Республикасынын президенти Фостен-Арканж Туадераны кайтарууга жана жергиликтүү аскер күчтөрүн машыктырууга тартылганы жөнүндө маалыматты «Новая газета» француздардын Le Monde гезитине таянып, июнь айынын башында жазып чыккан.
Режиссер-документалист Александр Расторгуев 2012-жылы НТВ каналынын алып баруучусу Алексей Пивоваров жана документалист Павел Костомаров менен чогуу "Реальность" деген долбоорду баштаган. Экөө тең "Эркин Европа/Азаттык" радиосу менен кызматташкан.