Кыргыз жигиттин Сахалиндеги эрдиги
Сахалинде бир аялды куткарып жатып сууга чөгүп кеткен кыргызстандык жигиттин сөөгү мекенине жиберилди. 17 жаштагы жигит Орусияга жайкы эс алууга барып, 29-июлда шаардын четиндеги көлмөдө эс алып жүргөндө кырсыкка кабылган.