АКШ түрк министрлерине санкция салды
АКШ Түркияда үй камагында отурган америкалык пасторго байланыштуу эки түрк министрине санкция салды. Түркия НАТОдогу өнөктөшүнүн бул кадамын кескин сынга алып, ага жооп кайтараарын билдирип жатат. Террорчулук боюнча айыпталып жаткан пастор Эндрю Брансон жыйырма айдан ашык абакта отуруп, жакында эле үй камагына которулган.