Орус журналисттер өлтүрүлгөн жерде теле жабдуулар, акча жана документтер табылган жок
Орусиялык топ “Вагнердин аскердик жеке компаниясы” деген ат менен белгилүү орусиялык кошуундун ал өлкөдөгү жалданма аскерлери жөнүндө документалдуу фильм тартмак.
Версиялардын бирине ылайык, орусиялыктар бараткан машине буктурмага кабылган. Аларга карактоо максатында кол салышканы да айтылууда. Дагы бир божомолдор боюнча маркумдарды туткундап, кийин өлтүрүшкөн. Айрым укук коргоочулар алардын маршруту коопсуз болчу дешет.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги догдурлар маркумдардын денелеринде кыйноолордун белгилерин табышпаганын билдирди. Кылмышты тергөө үчүн Африкага орусиялык адистер жөнөтүлмөкчү.