Фархад: Кыргыз жарандыгын алгыбыз келет
"Азаттык" Ооганстандан келген үй-бүлөнүн жашоосу менен таанышып, тасма тартты. Тасманын баш каарманы - 12 жаштагы Фархад. Ал кыргыз өкмөтү анын үй-бүлөсүнө качкын макамын беришин, башкалардай эле кенен-кесири жашоону кыялданат. Расмий маалымат боюнча өлкөдө качкын макамын күтүп жаткан 159 адам бар.