Кабулда чалгын агенттигине куралдуу кол салуу болду
Кабул полициясынын басма сөз катчысы Хашмат Станекзай белгисиз бирөөлөр гранаталар жана башка курал-жарак менен кол салышканын ырастады. Окуя богон жерге атайын күчтөр тартылганын Ички иштер министрлигинин өкүлү кабарлады.
Жабыркагандар тууралуу маалымат жана ким кол салганы азырынча айтыла элек.
Шаршембиде Кабулдагы жардыруудан ондогон кишинин өмүрү кыйылды. Кол салуу Кабулдун батыш тарабындагы шииттер жашаган аймакта болду.