АКШ: диниятчылар жыныстык ыдык көрсөткөнү үчүн айыпталууда
Пенсильвания штатынын башкы прокурору штаттын диний кызматкерлерин соңку 70 жыл ичинде миңдеген балага жыныстык ыдык көрсөтүп жүргөнү үчүн айыптады.
Пенсильваниянын баш прокурору Жош Шапиронун айтымында чиркөөнүн кызматкерлери динди жамынып, курмандыктарын бул тууралуу ооз ачпоого мажбурлап келишкен.
Шаршембиде өткөн басма сөз жыйынында прокурор эки жыл жүргүзүлгөн 887 барактан турган иликтөө менен журналисттерди тааныштырды. Анда дин кызматкерлери өз күнөөсүн моюнуна алган кол жазмалар да камтылган.
Шапиронун маалыматы боюнча кечилдер балдарга жыныстык ыдык көрсөтүп, зордуктоого чейин барышкан. Прокуратура диниятчылардан жабыркаган миңдей баланы аныктаган жана алардын саны мындан да көп болушу мүмкүн деп эсептейт. Шапиро кечилдердин кылмыштарын ондогон жылдардан бери жаап-жашырып жүргөнү үчүн чиркөөнү да айыптады. Жалпысынан тергөө ишинде 300дөй дин кызматкеринин аты аталган.