Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бурулайдын иши боюнча сот күнү белгиленди

Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон студент Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча иш сотко өтүп, отурум өтө турган күн белгиленди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиевдин адвокаты Есения Рамазанова билдирди.


Анын айтымында, Бурулайды өлтүрүүгө байланыштуу шек саналган Марс Бөдөшевдин ишин кароо 5-сентябрга, ал эми милиция кызматкерлеринин үстүнөн козголгон ишти кароо 10-сентябрга коюлду. Эки иш тең саат 10:00дө Жайыл райондук сотунда өтөт. Адвокат Рамазанова биринчи эле соттук отурумда Жайыл райондук сотуна жана прокуратурасына ишенбестик көрсөтүп, Бишкектин Свердловск райондук сотуна өткөрүү тууралуу өтүнүч келтирээрин кошумчалады.


Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген. Окуядан кийин маркумдун жакындары анын көкүрөгүндө "Н+Б" деген жазуу жана крест болгонун жарыялап, милиция бул айтылганды четке каккан. Кийин кыздын сөөгүнө эки жолу соттук-медициналык экспертизанын жасалып, анда маркумдун денесинде кыйноо менен жазылган жазуу аныкталган эмес. Бурулай Турдаалы кызынын ата-энеси буга макул болгон эмес.


Бул фактыга байланыштуу 23 милиция кызматкери жазаланып, 13ү иштен бошотулган. Жайыл райондук прокуратурасы милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү ("Өз ишине шалаакы мамиле") менен кылмыш ишин козгогон. 


Ал эми кылмышка шектүү Марс Бөдөшевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен козголгон ишти Жайыл райондук ички иштер башкармалыгы иликтеген. Ал 20-июнда соттун чечими менен ооруканадан чыгарылып, эки айга камалган. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *