Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШнын Орусияга каршы Скрипалдар боюнча санкциялары күчүнө кирет

Британияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлиянын ууландырылышына байланыштуу АКШнын Орусияга каршы киргизген жаңы санкциялары 22-августтан тартып күчүнө кирүүдө.


Быйыл 8-августта жарыяланган санкцияларга ылайык, улуттук коопсуздук чөйрөсүнө тиешеси бардык товарларды жана технологияларды, электроника, авиация жана мунай-газ тармагында колдонулуучу жабдыктарды АКШдан Орусияга экспорттоого тыюу салынат. 



Эгер Москва үч ай ичинде химиялык куралдарды колдонбоо тууралуу кепилдик бербесе жана эл аралык инспекторлор менен кызматташпаса, анда санкциялардын экинчи бөлүгү күчүнө кириши керек. 


Анда орусиялык "Аэрофлот" аба компаниясынын АКШга барган каттамдарына чектөө киргизүү сыяктуу чаралар да каралган. 



Вашингтон Москва химиялык жана биологиялык куралдарды көзөмөлдөө жөнүндө 1991-жылы АКШда кабыл алынган мыйзамды бузду деп эсептейт.


Кремль Американын жаңы чараларын "мыйзамсыз" деп атаган. Ошондой эле Москва Скрипалдардын ууландырылышына тиешеси жок экенин такай айтып келет.


Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия быйыл март айында Британиянын Солсбери шаарында Советтер Союзунун убагында чыгарылган "Новичок" химиялык заты менен ууландырылганы аныкталган.


Скрипалдар жумалап созулган дарылануу курсунан кийин кайра эсине келип, ооруканадан чыгышкан.


Алардын окуясынан кийин Британия химиялык курал боюнча эл аралык чектөөлөрдү күчөтүү багытында аракет көрүп, жакында Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун ыйгарым укуктары кеңейтилишине жетишкен.


Орусиянын   премьер-министри Дмитрий Медведев АКШнын жаңы санкциялары тууралуу айтылгандан кийин 10-августтагы сөзүндө эгер алардын алкагында банктардын ишмердигине же тиги же бул валютаны колдоого тыюу салынса, бул “экономикалык согуш” жарыялаганга тете болорун белгилеген. (UE)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *