Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бектур Асанов да ачкачылыгын токтотту

Бир жумадан бери ачкачылык акциясын өткөрүп жаткан камактагы оппозициячыл саясатчылардын экинчиси Бектур Асанов да тамак иче баштады. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Толубай Жакишев кабарлады.


Анын айтымында, саясатчылардын талабы аткарылып, сот өкүлдөрү соттун чечимин алып беришти.


Ачкачылык кармап жаткандардын бири Кубанычбек Кадыров 22-августта эртең менен ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу ачкачылыгын токтотконун алардын адвокаты Данияр Маманов кабарлаган. Асанов болсо акциясын улантып жаткан.


Саясатчылар Жогорку соттун өкүмүн эки жарым айдан бери ала албай жатканына нааразы болуп, 16-августтан баштап ачкачылык кармай баштаган. Абактагылар ачкачылыкты токтотуу боюнча адвокаттын кайрылуусуна макул болгон эмес. Асанов менен Кадыров өкүм чыгарган Жогорку соттун судьяларынын жана төрайым Айнаш Токбаеванын жоопкерчилигин кароону талап кылышкан.


Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 2016-жылы март айында "бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен камакка алынган. Жогорку сот алардын ишин 7-июнда карап, күнөөлүү деп тапкан, бирок жаза мөөнөттөрүн азайткан. Ага ылайык Асанов менен Кадыров сегиз жылга, алар менен кошо камакка алынган Эрнест Карыбеков 14 жылга кесилген. Мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу боюнча буга чейинки чечим өзгөрүүсүз калган. Шаардык сот болсо Асанов менен Кадыровду 12 жылга, ал эми Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан.


Буга чейин Асанов жана Кадыров УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевди кызматтан алууну талап кылып бир нече апта бою ачкачылык кармаган болчу. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *