Италия Еврошаркетке жылдык төлөмдү берүүдөн баш тартарын эскертти
- Эгер эртең Европа комиссиясынын жыйынында “Дискотти” кемесиндеги мигранттарды бөлүштүрүү боюнча эч кандай чечим болбосо, анда “Беш жылдыз” да (башкаруучу коалицияга кирген кыймыл), мен да жылына Европа Биримдикке 20 млрд. евро төлөм жүргүзүүгө каршы болобуз, - деди Луиджи Ди Майо.
Бир аптадан бери Катания портунда токтоп турган, ичинде 177 африкалык мигрант бар "Дициотти" кемесинен 22-августта жашы жете электерге гана жээкке чыгууга уруксат берилген.
Африкадагы Ливия, Сомали, Эритрея мамлекеттеринин жарандарынан турган качкындар Жер ортолук деңизинен куткарылган. Аларды Мальта бийлиги кабыл албай койгондон кийин кеме Италиянын Катания портуна келип токтогон. Бирок Италия бийлиги да аларды кабыл алуудан баш тартып, бир катар чакырыктардан кийин гана 27 өспүрүмдү кемеден түшүрүүгө уруксат берди.
Италиянын ички иштер министри Маттео Сальвини Евробиримдиктеги башка өлкөлөр качкындарды кабыл алууга макул болсо гана кемедеги калган адамдар өлкө аймагына киргизилерин билдирүүдө.
Италияга быйыл 1-июлга чейин эле быйыл ЕБ өлкөлөрү арасынан эң көп 16 миң 585 мигрант, ал эми Греция, Мальта, Кипр, Испанияны кошкондо ЕБдин деңиз жээктерине жалпысынан 45 миң 808 мигрант келип түшкөн. (UE/ZB)