Экотехинспекциянын мурдагы басма сөз катчысы коррупцияга аралашты делген кесиптештеринин атын атады (видео)
Мамбеталиева бул адамдардын аты-жөнүн мурдараак инспекциянын жетекчилигине билдиргенин, бирок алар тескерисинче кайра анын өзүн иштен алып салышканын билдирди:
- Урматтуу президент, сиз көтөрүп чыккан коррупцияга каршы күрөштү, жарлыгыңызды колдоп, арка-бел болуп өзүмдүн кызматымда так иштеп, коррупцияга тиешеси бар адамдардын бетин ачууга даярмын. Коррупцияны жок кылууну, аны менен күрөшүүнү ар бирибиз өзүбүздөн башташыбыз керек. Мен дагы ушул ураандын астында инспекциянын ичиндеги коррупцияга бөгөт коюу максатында үч адамдын атап кетүүгө бүгүн бел байладым. Алар Мамэкотехинспекциянын статс-катчысы Таалай Асылбеков, кадр бөлүмүн жетектеген Самат Керимкулов жана Финансы башкармалыгынын жетекчиси Гүлкайыр Жумашева. Дал ушул адамдар Мамэкотехинспекциянын ичиндеги мамлекетке таандык акчанын баарын туура эмес нукка пайдаланып жатканын башка кызматкерлер да билет, - деп билдирген Анара Мамбеталиева.
Ал ошондой эле өзүнүн өмүрүнө жана үй-бүлөсүнө коркунуч туулуп жатканын айтып, мамлекет башчыдан коргоосун өтүнгөн.
Анара Мамбеталиева кызматтын ичиндеги коррупциялык көрүнүштөргө каршы чыкканы үчүн аны жетекчилик берененин негизинде иштен алып салганын 23-августта “Азаттыкка” билдирген. Ал мекеменин имаратында президентти колдогон чакырык жасаганын айтып, кызматтык формада плакат кармап турган сүрөттөрүн “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган. Ал эми Мамэкотехинспекциянын директорунун милдетин убактылуу аткаруучу Расул Артыкбаев Мамбеталиева мамлекеттик кызматкер болуп туруп пикетке чыкканы үчүн жумуштан алынганын айткан. Мамбеталиева аттарын атаган мекемедеги кызматкерлерден комментарий алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Экотехинспекциянын жаңы маалымат катчысы Камил Сыдыков 24-августта билдирүү таратып, Анара Мамбеталиева өзүнүн иш кабинетин, кызматтык автоунаасын жана бухгалтерияга болгон 200 миң сомго чукул акча каражатынын отчетун тапшыра электигин кабарлады. Мамбеталиева болсо ал иштен кеткени тууралуу буйрукту колуна ала электигин жана аталган нерселерге милдеттенме алып өткөрүп ала турган кызматкерлер сүйлөшүүдөн баш тартып жатканын айтты.
Анара Мамбеталиева мекеменин басма сөз катчысы болуп үч жылдан бери иштеп келген. Ал эки кыздын жалгыз бой энеси. Мамбеталиева менен кабарлашкан убакта кан басымы көтөрүлүп, ооруканада дарыланып жатканын билдирди. (ErN)