Ысык-Көлдө "Хизб ут-Тахрирдин" эки мүчөсү кармалды
24-августта кармалгандар Түп жана Жети-Өгүз районунун тургундары экени такталды. Алардын үйүн тинтүү учурунда кыргызча, орусча жана арабча экстремисттик багыттагы китептер, баракчалар, фото-видеосу бар дисктер жана USB-флешкалары алынды.
Табылган материалдар жана китептер экспертиза өткөрүү үчүн тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилди. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"Хизб ут-Тахрир" диний уюму Кыргызстандын аймагында экстремисттик деп таанылган. Бул агымдын идеяларын жайылтууга тыюу салынат. (ErN)