Кыргыз артисттери сентябрда Ташкентке футбол ойногону барышат
Курман айт майрамынын урматына Ош шаарында Сүйүнбаев атындагы стадиондо өткөн футбол эки өлкөдөгү актер, ырчылардын катышуусундагы шоу менен коштолгон. Аны Ош мэриясы, "Азем" борбору жана "Ынтымак" телеканалы уюштурду. Билетти сатуудан түшкөн акча Оштогу Улуттук драма театрга жана Бабур атындагы өзбек драма театрына берилери айтылган.
Таймашты кыргызстандык белгилүү футбол калысы Бахадыр Кочкоров башкарган. Анда 10:5 кыргыз артисттери уткан.