Жон Маккейн мээсиндеги шишикке каршы дарыланууну токтотту
81 жаштагы Маккейндин үй-бүлөсү сенаторду колдоп-кубаттагандарга ыраазычылык билдирди.
2017-жылдын июнь айында Маккейнге мээ шишигинин эң оор түрү саналган глиобластома диагнозу коюлган.
Ал Вьетнам согушунун ардагери. 2008-жылы Республикачылар партиясынан президенттикке талапкер болгон.
Путиндин сынчысы, Орусияга каршы катаал саясат жүргүзүүнү жактаган Маккейн Сенаттын Куралдуу күчтөр боюнча комитетин жетектейт.