Таласта төө буурчак жыйноо бир топ машакаттуу иш. Айрыкча күз мезгилинде кол менен жулганга жетишпей, акыга киши жалдагандар көп. Мындай түйшүктү жыл сайын баштан кечирип, тажап бүткөн Кара-Буура районунун 34 жаштагы тургуну жакында эле фасолду өзү жула турган техника жасап, иштете баштады. Шайманды үч жыл кураган дыйкан Эрлан Салжанов менен «Азаттык» жеринен таанышып келди.