Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ПИАК: Алтай таануу шеринеси Бишкекте ишин баштайт

Август (баш оона) айынын 27синде, дүйшөмбү күнү, Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын № 1 “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын “Энесай” үйүндө Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын (ПИАК / PIAC) “Алтай тектүү дүйнөнүн элдик оюндары, аларга байланыштуу салттары жана үрп-адаттары” деп аталган 61-отуруму салтанаттуу түрдө ачылмакчы. Жыйындын ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, ПИАКтын Башкы катчысы, профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле (Германия) куттук сөз менен чыгаары күтүлүүдө.


Отурумдун шейшемби-бейшембидеги иш-аракети Бишкектеги “Парк-отел” конок үйүндө улантылат.







Бул кадыр-барктуу чыгыш таануу илимий жыйынына 17 өлкөдөн 185тен ашуун илимпоз өкүл катышат. Алардын арасында АКШ, Венгрия (Мажарстан), Германия, Жапония, Казакстан, Кытай, Монголия, Орусия, Өзбекстан, Польша, Румыния, Тажикстан, Түркия, Түштүк Корея, Франция, Чехия сыяктуу өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын ар кыл илимий мекемелеринин жана университеттеринин чыгыш таануучулары, түркологдору, алтай таануучулары, археологдору, булак таануучулары, тарыхчылары, тилчилери, философтору жана башка адистери бар. Орусиялык өкүлдөрдүн арасында Алтай, Башкырстан, Татарстан сыяктуу республикалардан жана ар кыл шаарлардан илимпоздор бар.


Бир нече күн бою өткөрүлө турган бул отурумдун чет өлкөлөрдөн келген катышуучулары сентябрь (аяк оона) айынын 2-3төрүндө III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын ачылыш аземине жана “Кырчын” жайлоосундагы этнографиялык-маданий иш-чараларга сый конок катары катышат.


Бул Алтай таануу жыйынынын өзү да III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын алкагында уюштурулууда.


Аталган эл аралык илимий шеринени уюштуруучулардын арасында ПИАКтын катчылыгынан тышкары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фонду, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институту, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Бегималы Жамгырчинов атындагы тарых жана маданий мурас институту, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, «Кыргыз тарых коому» эл аралык коомдук бирикмеси, «Кереге» коомдук фонду, Эл аралык Түрк Академиясы сыяктуу шериктер да бар. 







ПИАКтын быйылкы 61-отурумунун президенти болуп И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору, Евразиядагы кыпчактардын тарыхы жана этнографиясы боюнча адис Сынару Кадыр кызы Алымкулова былтыр ПИАКтын Мажарстандагы 60-жылдык отурумунда шайланган. 


Былтыр  27-31-августта Мажарстандын орто кылымдардагы борбор калааларынын биринен болгон Секешфехервар (Székesfehérvár) шаарында өткөн Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын 60-жылдык отурумунун жалпы багыты – “Символдорго жуурулган идеялар – жазмаларга сыйдырылган тилдер” деген темага арналган болчу.







ПИАКтын тарыхына кылчайсак, анын жылдык отуруму ушуну менен үчүнчү жолу гана Борбордук Азияда өткөрүлүүдө (анын чөлкөмдөгү буга чейинки отурумдары 1986-жылы Ташкент шаарында, 1992-жылы Алматы шаарында өткөн).


Алтай таануу жаатындагы заманбап илимий теориялардын бирине ылайык, эң байыркы убактагы тилдик орток өзгөчөлүктөрдү сактап калган алтай тектүү элдерге түрк калктарынан (анын ичинде кыргыздардан) тышкары жапон, корей, тунгус-манчжур жана монгол тилдеринде сүйлөгөн Евразиядагы ондогон калктар кирет. ПИАКтын отурумдарында аталган элдердин орток жана өз ара айырмалуу тилдери, тарыхы, салттары, заттык жана заттык эмес маданий мурастары жана башка кубулуштары ырааттуу иликтенип келет. 







Быйылкы отурумда алтай тектүү дүйнөнүн элдик (спорттук жана башка) оюндары, аларга байланыштуу салттары жана үрп-адаттары тууралуу ар кыл темаларга арналган баяндамалардан тышкары соңку археологиялык, булак таануучулук жана башка жаңы табылгалар жөнүндө илимий баяндамалар да ортого салынмакчы. Ошондой эле ар кыл илимий борборлордун болочоктогу кызматташтыгын арттыруу үчүн маанилүү эл аралык баарлашуулар күтүлөт. 


 







Чет элдик илимпоздордун III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын этнографиялык-маданий иш-чаралары маалында кыргыз маданияты, көркөм өнөрү жана спорту менен жакындан таанышуусу да алардын алтай таануу багытындагы болочокку этнографиялык изилдөөлөрү үчүн маанилүү болоору шексиз.


ПИАК-61 отурумунун Уюштуруу комитетинин маалымдашынча, бул эл аралык илимий жыйындын катышуучулары “Ата Бейит” эскерүү жайын жана “Бурана мунарасы” тарыхый-археологиялык музейин да кезмекчи.


 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *