Ошто бала бакчада наристе чарчап калды
- Бала түшкө чейин өзүн жакшы эле сезип, тамак жеген. Түштө тамак жеп, уктап жаткан. Кокустан оозу көгөрүп, кыркырап калганда тарбиячылар мени чакырышты. Биз "Тез жардамды" жана апасын чакырдык. Апасынын айтымында, кыздын талма оорусу бар экен, мурда да тез-тез кармап, дары берчү экен.
Маметованын айтымында, чарчап калган баланын апасы бала бакча кызматкерлерине доосу жок экенин айткан. Каза болгон секелек быйыл февраль айынан баштап тарбияланып жаткан.
Бул бала бакчада балдар кургак учуктан да дарыланышат. Азыр бала бакчада 185 наристе тарбияланат. (MdN)