Лукашенко ичкиликке жакын аткаминерлерди кызматтан алат
- Мен бул тууралуу сүйлөгөндөн уялам. Бирок мен жакында иштен айдаган жетекчилердин көбү түзүк эле ичип жүрүшкөн, - деп Лукашенко жума күнү жаңы министрлер менен жолуккан учурда билдирди.
Президент өкмөт эле эмес, башка тармактагы да жетекчилер кызматтан алынарын кошумчалады.
18-августта Беларуста өкмөт башына Сергей Румас дайындалган. Андан тышкары вице-премьерлер жана экономика тармагына байланыштуу министрлер алмашкан. Анда президент "өкмөткө элдин нааразылыгы күчөдү" деп тыянак чыгарган.