Кыргызстан 31-августта эгемендигинин 27 жылдыгын белгилеп жатат. Бул жылдары эки ыңкылаптын башынан өткөрүп, өзгөрүүлөргө туш болду. Эгемендик жылдары эмнеге жетишти жана эмне жоготту? Өлкө алдында эмне милдеттер жана чакырыктар турат? Бул суроолорду "Арай көз чарай" талкуулап, жооп издеди. Талкууга Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын төрагасы болгон мамлекеттик ишмер Абдыганы Эркебаев, эгеменди жылдарындагы парламент төрагасы Алмамбет Матуибраимов, Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Каныбек Иманалиев жана коомдук ишмер Доктургүл Кендирбаева катышты. Талкууну Бакыт Асанов алып барды