Трамп Дүйнөлүк соода уюмунан чыгаарын эскертти
Буга чейин Трамп өзүнүн "Твиттердеги" баракчасына "ДСУ Кытайды жактап, АКШга адилетсиз мамиле кылып жатканын" сындаган. Трамп ошондой эле маегинде наркы 200 млрд. долларлык кытай товарларына кошумча бажы төлөмүн киргизерин билдирди.
Дүйнөдөгү экономикалык жактан эң кубаттуу эки өлкөнүн ортосундагы “соода согушу” деп мүнөздөлгөн жараян уланууда. Жалпысынан дүйнөнүн эң ири эки экономикасы быйыл июль айынын башынан тартып кошумча тариф койгон өндүрүмдүн акчалай наркы 100 миллиард долларга жетип калды.