Кабулдагы кош жардыруудан кеминде 20 киши каза болду
Кабулда күрөш боюнча машыгуу борборунда жанкечтинин жардыруусунан кеминде 20 киши өлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз өкүлү Вахид Мажор шийиттер көп жашаган райондогу кол салуудан 70 киши жарадар болгонун билдирди. Бир аздан кийин ошол эле жерге полиция кызматкерлери, кабарчылар жана эл чогулган кезде дагы бир жардыруу болгон.
Теракт үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. 15-августта ошол эле чөлкөмдө билим берүү борборундагы жардыруу ондогон окуучунун өмүрүн кыйган.
Ал кол салууну “Ислам мамлекети” радикал уюму уюштурганын билдирген.