ЕБнын Венгрияны "жазалоо" аракети
![ЕБнын Венгрияны](https://gdb.rferl.org/10A5A9F8-BDE8-487B-8EE2-A61A3E4A92F4_cx0_cy4_cw0_w800_h450.jpg)
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Европа парламентинин Венгрия тууралуу баяндамасын анын өлкөсүн "кемсинтүү" катары баалады. 11-сентябрда Европарламентте Венгрия тууралуу баяндама каралып, дисциплинардык чара көрүү сунушу талкууланды. Будапешттин Брюссел менен алакасы 2015-жылы балкан маршруту аркылуу Европага агылган мигранттарды кабыл алуу маселесине байланыштуу курчуган. Брюссел ошол эле кезде Венгриянын улутчул бийлиги демократиялык баалуулуктардан четтеп кетти деп да доомат коюп келе жатат.