Левада: орусиялыктар телевидениеге ишенбей калышты
Соңку тогуз жыл ичинде орусиялыктардын тележаңылыктарга болгон ишеними 30 пайызга төмөндөп кетти. Бул тууралуу Москвадагы “Левада-борбору” жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында белгилүү болду. Ошол эле маалда интернет агенттиктерге болгон ишеним жетиден 24 пайызга чейин көтөрүлгөн. Сурамжылоого катышкандардын 24% пенсия реформасы тууралуу жаңылыктар телевидениеге караганда Интернетте бейтарап чагылдырылганын мисал келтиришкен.
Ошондой эле Интернетте толук жана объективдүү чагылдырылат деген темалардын арасынан орусиялыктар "аткаминерлердин жеке жашоосу жана байлыгы", "экономикадагы абал", "нааразылык акциялар", "тышкы саясат" жана башкаларды аташкан.
Сурамжылоонун жыйынтыгын комментарийлеп жатып, “Левада-борборунун” директору Лев Гудков буга соңку кездердеги социалдык чыңалуу жана өзгөчө талаштуу пенсия реформасы тууралуу ызы-чуулар түрткү болгонун айтат.