Сегизбаев: Белизден келген документтерди тактай албай калганбыз
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев дайыны жок делип жаткан Белизден келген документтер тууралуу түшүндүрмө берди. Ал документтердин мыйзамдуу алынышын тастыктаган кагаздар бар экенин, документтер Башкы прокуратурага жөнөтүлгөнүн айтты:
- Бул документтер учурунда ыкчам жол менен колубузга түшкөн. Ошол учурда “Мегаком” боюнча коррупциялык схемалар 2010-жылдан бери болгону ачыкка чыккан. Андан кийин бул документтер ошол коррупциялык схемалар орун алганын тастыктаган бир элемент катары кабыл алынган. Ал жөнүндө президентке кирип, ыкчам маалыматтар бизге түштү, ушунун негизинде текшерүү өткөрөлү деп сунуш кылганбыз. УКМКда кат бар. Текшерип бергиле деп расмий түрдө биз аны Башкы прокуратурага жөнөткөнбүз. Ошол кат УКМКда бар, - деди Абдил Сегизбаев.
Ал ошондой эле документтерде айтылган маалыматтарды тактоо мүмкүн болбогонун белгилейт:
-Тактаганга бир нече аракет жасадык. Бирок тилекке каршы Белизден так жооп алыш кыйын экен. Жооп алалган жокпуз. Ошол эле учурда кыйыр тастыктама деп коебуз, ошону алганга аракет кылдык. Биз түздөн-түз жооп алалган жокпуз Белизден, - деди ал.
Атайын кызматтын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев “Азаттык” менен маегинде "Белизгейт" чырынан сырткары мурдагы президенттин тушундагы саясий куугунтук, Бишкек жылуулук электр борборундагы коррупция, эки президент менен мамилелери тууралуу ой бөлүштү.
14-сентябрда парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мүсүралиев иликтөө учурунда Белиз өлкөсүнөн кандайдыр бир документтер келгени аныкталган жок деп билдирген. Ал бул боюнча кызматтык иликтөөлөр жүргөнүн, анын жыйынтыгы жөнүндө материалдар Башкы прокуратурага жиберилгенин айткан.
Коомчулукта чуулгандуу иш катары белгилүү "Белизгейт" жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан. УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова "Мегаком" деген аталыш менен белгилүү “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын жарыялаган. Сегизбаев буга байланыштуу документтерди ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн.
"Ата Мекен" юристтерге таянып, УКМК тараткан маалыматтар далилденбегенин билдирип жүрөт.
Башкы прокуратура жана УКМК былтыр "Белизден алынды" деп айтылган документтерди иликтөө боюнча жумушчу топ түзгөн. Бирок ал жумушчу топ кандай тыянак чыгарганы ушул кезге дейре жарыялана элек. (ErN\MTo)