МакГрегор Нурмагомедовду оңой эле утарына ишенет
Орусиялык мушкер атаандашына караганда өзүн токтоо кармап отурду.
- Бул акыркы тогуз айдагы үчүнчү беттешим. Билесиңерби, 26 беттештин биринде да утулган эмесмин. Бу жигит эмнени сүйлөп жатканын билбейм, 6-октябрда эмне кыларын түшүнө албай турам. Ошондо виски жардам берет деп жатат окшойт, - деди Хабиб Нурмагомедов.
Ирландиялык МакГрегор UFCнин жеңил жана орто жеңил салмактагы мурдагы чемпиону. 24 беттешинин үчөөндө жеңилген. Ал эми Нурмагомедов жеңил салмактагы учурдагы чемпион.
Белгилүү мушкерлер 6-октябрда Лас-Вегаста мушташат.