Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Депутат экстремизм менен күрөштө күч органдары аша чаап жатканын айтты

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Нодирбек Каримов Кыргызстанда экстремизге каршы күрөштө күч органдары аша чаап жатканын билдирди. Мындай пикирин 26-сентябрда парламентте акыйкатчы шайлоо алдындагы жыйында айтты. 


Каримов жарандар Интернеттеги жазган пикирлери  үчүн да жоопко тартылган учурлар болуп жатканын айтты:


- Көптөгөн ата-энелер балдары Сирия кетип калганы үчүн, ал жакка барбаса да социалдык тармактарга бир нерсе чыгарып койгону үчүн камалып кетип атат. Буга эч ким иштебей жатат. Андан тышкары, укук коргоо органдары ата-энелердин үйлөрүнө келип, баласынын ордуна атасына жоопкерчилик жүктөп атышат. 


Нодирбек Каримов Акыйкатчы институту бул маселеге көңүл бурушу керектигин кошумчалады. 


Быйыл 18-сентябрда эл аралык "Human rights watch" укук коргоо уюму "Биз такай коркунучта жашайбыз. Кыргызстанда “экстремисттик” материалдарды сактоо” деп аталган көлөмдүү баяндамасы жарыялаган. Анда соңку жылдары жүздөгөн адам “экстремисттик” маанайдагы материалдарды сактаган деген айып менен үч жылдан 10 жылга чейин соттолгону белгиленет. Уюм тыюу салынган материалдарды сактаганы үчүн гана эркинен ажыратылгандардын ишин кайра карап, аларды бошотууга үндөгөн.


Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын бөлүм башчысы Эрлан Бакиев баяндаманы негизсиз деп атап, кармоолор мыйзамдагы тийиштүү эрежелер менен ишке ашарын билдирген.


Расмий эсепте, учурда Кыргызстанда экстремизм жана терроризмге айыпталып камалгандардын саны 400дөн ашат. (SE)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *