АКШ Европага Иранга салынган санкцияларды кыйгап өтүүгө жол бербейт
Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясында Болтон Иранга кашы санкцияларга келгенде АКШ «эч нерсе менен келишкис» экенин баса белгилеп, SWIFT глобалдык банк системасын Тегеран менен кызматташтыгын кайра карап чыгууга чакырды.
Европа Биримдиги Иранга каршы киргизилген Вашингтондун санкцияларын кыйгап өтүү үчүн атайын финансы институтун түзөрүн биримдиктин тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Федерика Могерини шейшембиде билдирген.
Британиянын, Франциянын, Германиянын, Орусиянын жана Кытайдын өкүлдөрү Ирандан мунай жана газ сатып алууну жана бул өлкөдө иштеп жүргөн компанияларды колдоону макулдашып жатканы кабарланган.