Түркмөнстан: элге бекер газ, суу, туз, жарык берген токтойт
Президент Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон буйрукка ылайык, 2019-жылдан тарта "Түркмөнстандын калкын электр энергиясы, газ, таза суу жана туз менен жеңилдетилген тартипте камсыздоо" жоюлат.
Адистер бул кабарды өлкөдөгү каатчылыктын жарчысы дешет. Өлкөдөгү экономикалык каатчылыкты энергетика жаатындагы ийгиликсиз келишимдерден улам өкмөттүн кирешесинин азайганы жана кулач жайган коррупция менен түшүндүрүшөт. Ошондой эле улуттук экономиканын негизин түзгөн газдын дүйнөдөгү баасынын төмөндөшү да мамлекеттик казынаны бөксөрткөнү белгиленип жатат.
1992-жылы Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязов элге электр энергиясын, газды, сууну бекер кылган. Башында түркмөн өкмөтү мындай жеңилдикти 10 жылга деп белгилесе, кийин аны 2030-жылга чейин узартылган.