Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

БУУнун Ооганстандагы миссиясы адамдардын өлүмүнө тынчсызданууда

Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы аба чабуулдарынан өлгөн карапайым жарандардын саны өсүп баратканына "терең тынчсыздануусун" билдирди. Өткөн апта соңунда эле аба соккуларынан 21 киши каза тапкан.   


26-сентябрда Ооганстандагы миссия билдиргендей, Кабулдун батышындагы Майдан Вардак провинциясында бир эле үйгө тийген бомбадан 12 киши, анын ичинде балдар каза тапты. 23-сентябрда бул аймакта өкмөттүк армия аба операциясын жүргүзгөн.


Провинциянын жергиликтүү кеңешинин мүчөсү Ахмад Жахвари «Франс Пресс» агенттигине аба чабуулдары «Талибандын» жоочуларын бутага алганын айтты.


Ооганстандагы миссиянын 25-сентябрдагы дагы бир билдирүүсүндө айтылгандай, 22-сентябрда Каписа провинциясында жүргүзүлгөн атайын операцияда бир үйгө бомба тийип, андагы тогуз кишинин өмүрү кыйылган.  


Миссия бул эки чабуулду ооган өкмөттүк армиясы же НАТО күчтөрү ишке ашырганы белгисиз экенин белгилеген.


Ооганстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мохаммад Радманиш Каписадагы аба операциясын ооган жана америкалык күчтөр биргелешип ишке ашырганын жана анын кесепети иликтенип жатканын айтты.


Кошмо Штаттардын аскер күчтөрүнүн басма сөз өкүлү Дэвид Батлер операцияга жерден ооган күчтөрү колдоо көрсөтүп турганын, анда «согушкерлер гана» жок кылынганын билдирди.


Миссиянын маалыматына ылайык, 2018-жылдын биринчи жарымында мурунку жылдын ошол маалына салыштырганда карапайым адамдардын өлүмү 52% же 149 кишиге жеткен. 200дөн ашуун киши жарадар болгон.


Ооганстандагы НАТОнун операциясы 2014-жылы аяктаган. 2015-жылдан тарта эл аралык күчтөр согуш операцияларына эмес, ооган коопсуздук күчтөрүн машыктырууга гана катышат. 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *