Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Карасартова: Ыкмалар башка, жыйынтык ошол эле экен

Акыйкатчы кызматына ат салышкан “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова парламенттеги акыйкатчы шайлоонун жыйынтыгын эл өзү тандаган депутаттардын чечими катары туура кабылдоо керек деп эсептейт.


Добуш берүүнүн жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин ал “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып Кыргызстанга парламентаризм керек экенин белгилеп, аны куруунун кезектеги этабы жүрүп жатат деп ишенүү зарыл деген оюн айтты.


Ошону менен катар Карасартова акыйкатчыны шайлоонун жыйынтыгы башкачараак болот деп үмүттөнгөнүн, бирок “ыкмалар башка, жыйынтыгы ошондой эле экен” деген ойдо калганын кошумчалады:


- Мен парламенттин ишинде бир аз өзгөрүү болот деп күткөм. Өзгөрүү мурункуга караганда бар. Мурда депутаттарды күчкө салып мажбурлоо көрүнүп турчу. Азыр “эч ким бизди мажбурлаган жок” деп эле айтып жатышкан. Ошондуктан президент кысым көрсөткөн жок деп айтып жатышса парламент өзү карап, экинчи тур өтүп, жылыш болот го деп ойлогом. Бирок ыкмалар башкача, ал эми жыйынтык ошол эле экен.


Бүгүн Жогорку Кеңеш төрт талапкердин арасынан акыйкатчы кызматына Токон Мамытовду шайлады. Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында аны 79 депутат колдоду. Рита Карасартовага 9, Канатбек Азизге 19, Рыскул Бактыбаевге 6 добуш берилди.


Социалдык тармактарда буга чейин жарандык коом өкүлдөрү жана укук коргоочулардын негизинен бийликти курч сындаган билдирүүлөрү менен белгилүү Рита Карасартова же юрист Канатбек Азиз акыйкатчынын кызматына көбүрөөк татыктуу деген пикирлери басымдуулук кылып жаткан. (BkA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *