Мамлекеттик каттоо кызматы: Адиевдин доосу негизсиз
Баласын көчөдө тепкени үчүн жумуштан бошотулган Бариев Адиев мамлекеттен 1 миллион 356 миң сом доо талап кылууда. Аталган мекеменин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдиргендей, анын миллион сому моралдык компенсация, 302 миң сом айлык акы, калганы башка чыгымдар. Андан тышкары, Мамлекеттик каттоо кызматынын банктагы эсебин камакка алууну да суранып жатат.
Социалдык тармактарда 2017-жылы 2-декабрда муздан тайып, жерден тура албай жаткан баланы ичке тепкен адамдын видеосу тараган. Ал киши баланын атасы - Мамлекеттик каттоо кызматынын Сокулук райондук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Бариер Адиев экени белгилүү болгон.
Эки жарым жаштагы уулун аябаган атага карата "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынган. Кийин жубайынын тосмо арызы менен бошотулган.
Адиев жумуштан мыйзамсыз алынганын, видео монтаждалганын айтып, сотко кайрылган. Алгач Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна арыз жазган. Бирок талабы канааттандырылган эмес. Андан соң Бишкек шаардык сотуна кайрылган.
Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов анын доо коюшу негизсиз экенин, мыйзам менен жумуштан бошотулганын айтты. (KE\SE)