Бишкектин вице-мэри Геннадий Милицкий кызматтан кетти
Бишкектин вице-мэри Геннадий Милицкий кызматтан кетти. Ал өз каалоосу менен арыз жазганын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
62 жаштагы Милицкий 2016-жылдан бери бул кызматта иштеп келаткан. Негизинен баш калаанын коомдук транспорт маселеси жаатындагы жумуштарды жасаган.
Мурдараак дагы бир вице-мэр Эркинбек Исаков жумуштан кетип, ордуна Рысбек Сарпашев дайындалган.
Биринчи вице-мэрдин милдетин Алмаз Бакетаев аткара баштады. Ал мэриянын экономикалык, каржылык маселелерин тейлейт.
Мурдагы биринчи вице-мэр Ренат Макеновго быйыл июнда кылмыш иши козголгон. Ал жер мыйзамдарын бузган деп шектелүүдө. (SE)