Чек арачылар террордук топтун мүчөлөрүнө көмөктөшкөн деп шектелүүдө
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрт кызматкери террордук уюмга мүчө деп каттоого алынган кишилерге көмөктөшкөн деп шектелүүдө.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов 28-сентябрда билдиргендей, алар жең ичинен акча алып, шектүү кишилердин документтерине "чек арадан мыйзамдуу өттү" деген мөөр басып беришкен. Окуя сентябрдын башында III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары өтүп жатканда болгон.
Террордук топко мүчө деп шектелген эки адам Кыргызстандын жарандары. Алар Бишкектен жана Чүйдөн кармалган. Учурда тергөө абагында. Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренеси менен кылмыш иши ачылып, иликтөө жүрүүдө.
- Ыкчам иликтөө иштердин алкагында бул сыяктуу дагы 7 факты аныкталып, дагы ондон ашык учур текшерилип жатат.
Мамлекеттик чек ара кызматы азырынча териштирүү жүрүп жаткандыктан, комментарий берилбестигин билдирди. (SE)