Орус абагындагы украиналык режиссер ооруканага которулду
Орусияда абакта 139 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан украиналык режиссер Олег Сенцов ооруканага жеткирилди. Орусиянын Ямало-Ненецк автоном округунун Жаза аткаруу кызматы кабарлагандай, Лабытнанги шаарындагы ооруканада Сенцов медициналык кароодон өтүп, дарыгерлердин кеп-кеңешин угат.
Буга чейин Украинанын президенти Петро Порошенко БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Сенцов “өмүр менен өлүмдүн ортосунда турат” деп билдирген.
Украин президенти Улуттар уюмунун мүчөлөрүн тиешелүү резолюция кабыл алууга жана орус бийлигин адам укуктарын сактоону талап кылууга чакырган.
2015-жылы Орусиянын соту Олег Сенцовго аннексияланган Крым жарым аралында теракт даярдаган деген айып тагып, 20 жылга эркинен ажыраткан. Күнөөсү жоктугун айтып келаткан режиссер 14-майда Орусиянын түрмөлөрүндө отурган бардык украиналык саясий туткундарды бошотуу талабы менен ачкачылык жарыялаган. Андан бери ден соолугу начарлаганына карабай режиссер ачкачылыкты улантып келет.
Акыркы айларда Сенцовду бошотуу талабы менен маданият ишмерлери, укук коргоочулар жана Батыш лидерлери чыгышкан.