Дагенстандын мурдагы башчысынын бир тууганы камалды
Орусиянын курамындагы Дагенстандын мурдагы башчысы Рамазан Абдулатиповдун иниси Ражаб Абдулатипов камалды. Махачкаланын соту Абдулатиповду уюшкан кылмыштуу топко катышы болгон деген шек менен эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, учурда Дагенстандын парламентинин мүчөсү болгон Ражаб Абдулатипов адамдарга майып деген документтерди мыйзамсыз жасап берип жүргөн.
Ражабдын агасы Рамазан Абдулатипов былтыр октябрда Дагенстандын башчылыгынан бошотулган. Анын ордуна келген Владимир Васильев бул өлкөдө коррупцияга каршы күрөш жарыяланганын билдирген. Анын алкагында Москвадан атайын комиссия келип, Махачкаланын мэри баш болгон бир нече адамды камакка алды.